Ак (эпитет)

Википедия дан

Ак (эпитет) — көркөм сөз каражаты, эпитет. А. эпитетинин өзүнчө өнүгүшү, эволюциясы бар. Коомдук өнүгүштүн алгачкы этаптарында адамдар жаратылыштын көп түрдүү кубулуш, көрүнүш касиеттерин адам сыяктуу эле жандуу нерсе катарында түшүнүшүп, алар эки түрдүү элес, таасир калтырган. Айрым кубулуш, көрүнүштөрдү адамдарга жакшылык, ийгилик алып келүүчү сыйкырдуу күч, рух, жышаан катары кабыл алышса, айрым башка көрүнүштөрдү, кубулуштарды, тескерисинче, адамдарга зыян, жаманчылык алып келет деп түшүнүшкөн. Жаратылыштын кубулуш, көрүнүштөрүн экиге ажыратуунун негизинде «ак» (ырайымдуу, пайдалуу, жагымдуу) жана «кара» (ырайымсыз, кырсыктуу, зыяндуу) деген түшүнүктөр келип чыккан. Демек «ак» деген түшүнүк адегенде зат, буюмдардын, кубулуш, көрүнүштөрдүн өңү-түсүн сыпаттоо менен гана эмес, адамдарга кандайдыр бир түрдө ырайым кылуучу, колдоочу, пайда келтирүүчү фетиштик мазмундагы кереметтүү рухтарга, сыйкырдуу күчтөргө байланыштуу болгон. Алтайлыктардын баатырдык эпосоторунда «ак» деген эпитет ырайымдуулук мааниде колдонулган: ак мал, ак чөп, ак жер, ак тоо, ак артыш (ак арча), ак мылтык, ак үлдү (ак кылыч), ак жыра (ак найза), ак бөрү, ак бичик (ак китеп) жана башкалар Кыргыз элинде теңир жалга, кудай жалга деген синонимдик туюнтмалар менен катар ак жалга деп да айтылат. Демек А. деген сөз «теңир», «кудай» сыяктуу сөздөрдүн синоними болуп ырайымдуу рухту билдирип турат. Ак санатай, ак жолтой, ак көңүл, ак ниеттүү, айкөл сыяктуу сөз айкаштарында А. өң-түсү эмес, адамдын эң жогорку оң сапаттарын мүнөздөйт. «Манас» эпосунда Манас баатырга таандык болгон буюм, курал-жарактар, аттар, айбанаттар жана башкалар «ак» деген туруктуу эпитет аркылуу аталат. Алсак: Аккула, ак өргөө, аколпок, аккелте, акболот, ак ордо, акалбарс, ак шумкар, ак каңкы, ак тинте, ак инген (куу инген), ак кисе жана башкалар. «Манас» эпосундагы Манаска таандык болгон зат, буюм-терим, курал-жарак, кийим - кечектердин А. деген эпитет менен тутумдашып айтылышы коомдун алгачкы өнүгүш этаптарында пайда болгон фетиштик, магиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуулугун көрсөтөт. Кийинки доорлордо пайда болгон кыргыз элинин эпикалык чыгармаларынын поэтикалык каражаттарында А. деген эпитет жыш эле учурайт, бирок алардын көпчүлүгү буюм-терим, заттардын өңү-түсүн гана туюндуруучу көркөм каражаттардын милдетин аткарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4