Алагүл

Википедия дан

Алагүл - (Viola) - өсүмдүктөрдүн алагүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык, кээси бир жылдык чөп же чалабадал. Сабагынын узундугу 15-20 см. Гүлү кызгылт көк, ак же сары, жыпар жыттуу. 500дөй түрү белгилүү. Алардын ичинен алтай жыпар жыттуу жана үч түстүү алагүл кеңири таралган. Алтай алагүл тоо шалбааларында, Алтай тундраларында, Теңир-Тоодо өсөт. Кыргызстанда гүлзарларда өстүрүлөт. Көп жылдыгынан эфир майы алынат.

Viola reichenbachiana

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1