Алай, урук

Википедия дан

Алай уругу - баргы уруусунун курамындагы урук.

Этноним[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алай - топ, аскердик бөлүкчө, салтанаттуу жүрүш ж.б. Азыркы маанисинде рота, батальон деген аскер бирдигин аныктайт[1]. Этнонимдин келип чыгышы байыркы түрк дооруна таандык.
Алай - топонимикалык аталыш катары да маалым. Бул ат менен Ош облусунун аймактык-административдик бөлүнүүсү жана тоо кыркалары аталат. Мындан сырткары, Чоң-Алай, Алай-Куу деген жер аттары да баарыбызга маалым[2]. Эң кызыктуусу, бүгүнкү Хакас-Минусин ойдуңунда (Хакас Республикасы) Алай-Берт аттуу жер аты кездешет[3].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Радлов, 1893, Т. 1, 354; Жанузаков, 1982, 129.
  2. Словарь географических названий Киргизской ССР, Фрунзе, 1988, 22.
  3. Бутанаев, 1995,23.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]