Аламанова Шаарба

Википедия дан

Аламанова Шаарба Уз. 1927-ж. Ак-Суу районундагы Боз-Булуң айылында төрөлгөн.

Кыйла жылдары педагогдук кесипте эмгектенген. Баатыр эне. Уздук таалимди энеси Мөөркандан алган. Ал кийизге күзгү жүндү арбын тарамдап, катуу уютуп жасаган шырдактарында «жарым кыял оюмдарын» башкалардан айырмалуу берүүгө аракеттенет. Беттей оюлган «мүйүз оюмунун» сырттары жүрөкчөлөнөт. Аны уз буюмдун жээк оюмуна шайкештейт. Ал эми ортолук оюму жалпы берилип, төрт «куш оюмунун» үстүнөн «кочкор мүйүз оюму» чыгып, бир табакчаны түзөт. Шаарбанын шырдактарынын оюм ортолоруна кылчык койдун жүнүнөн ийрилип, чыйратылган шырык жип бир гана чыйыр болуп түшөт. Ал көбүнчө кызыл-көк өңдөрдү беттейт да, мында «милтесин» кызылдан тандайт. Айылдаштары андан үлгү алып турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0