Аларча мамлекеттик жаратылыш паркы

Википедия дан

Аларча мамлекеттик жаратылыш паркы 1976-жылы Аларча капчыгайынын ичинде,ал капчыгайдын уникалдуу ландшафттарын сактоо үчүн жана эс алуучулардын агымын жөнгө салуу үчүн уюштурулган. Аларча капчыгайы Республиканын борбру Бишкекке эң жакын жайгашкан капчыгай жана карагай токоюнун массивдери ушул гана капчыгайда. Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында карагай токойлору дагы Ысыката суусунун оң кумасы Туюктан Чыгышка карай гана кездешет. Ошондуктан, Аларчанын карагай токойлору, төрлөрдөгү мөңгүлөр, ар бир жылгадан түшкөн суулары , ар кайсы жерден чыккан булактары эс алуучуларды ар дайым кызыктырган. Туристтердин иретсиз келген топтору, альпинисттер, жайлоого чыккан малчылар жана бет алды келген эс алуучулр келишет.