Алаш сымап кени

Википедия дан

Алаш сымап кениЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Жалал-Абад шаарынын түндүк-батышында, Бабаш-Ата тоосунун түштүк-батыш капталында. 1957-ж. табылган. Кендин аймагында девон мезгилинде пайда болгон түрдүү калыңдыктагы аки таш теги жатат. Бул тек тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Сымап рудасы жаракалардын кесилишкен жериндеги зоналарда жайгашкан. Кен тарам, линза, нокот түрүндө жатат. Жайгашуусу бирдей өлчөмдө эмес. Кендин калыңдыгы 1,5 мге чейин. Негизги минералы – киноварь. Андан башка куприт, азурит, малахит кездешет. Руда герцин металлогениялык доордо гидротермден пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]