Ала-Арча, улуттук табият парк

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ала-Арча, улуттук табият парк.

Аларча улуттук табият паркы - мамлекеттик тарабынан коргоого алынган аймак, улуттук парк. Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик борбордук бөлүгүнөн башталып, түн. тарапты карай созулуп жаткан. Ала-Арча капчыгайын ээлейт. Бишкек шаарынан 35 км түштүк тарапта. Аянты 19,4 миң га. Деңиз деңгээли 1600–4200 м бийиктикте; орточо бийиктиги 3300 м.

Паркты уюштурууга чейин капчыгай аркылуу Суусамыр жайлоосуна малайдалчу жол өткөндүгүнө жана анда шаар калкынын чар жайыт эс алгандыгына байланыштуу, илимий жолго коюлбаган чарбалык пайдалануудан Аларчанын экосис-темасы, айрыкча жаныбарлар менен өсүмдүктөр дүйнөсү бир кыйла өзгөргөн. Парк Аларча капчыгайынын уникалдуу ландшафтын коргоо, табигый өсүшүнө жана калыбына келишине шарт түзүү, ошондой эле ал жерде калктын эс алуусун пландуу уюштуруу максатында 1976-ж. негизделген. Аларча жанаша жаткан капчыгайлардан табигый шарты башкача бир топ айырмаланат.Кыргыз Ала-Тоосунун негизги кыркасынан ажырап, түндүктү карай жапыздап, чыгышынан Аламүдүн, батышынан Жыламыш капчыгайларынан бөлүнүп турат. Капталдарын тик аскалар жана коргул таштар ээлеген капчыгайдын рельефи татаал. Жогору жагы төрлөр, жылгалар, тепши сымал өрөөндөр, аскалуу бийик чокулар менен бүтөт.Аарча улуттук паркынын жана жалпы эле Кыргыз Ала-Тоосунун эң бийик жери – Аламүдүн чокусу (4893,4 м) Аламүдүн ай рыгында жайгашкан. Паркты курчаган тоолордо 60тан ашык чокулардын бийикт. 4000 мден ашат. Алардын маанилүүлөрү: Таажы (4866,7 м), Эркин Корея (4840 м), Мугалим (4500 м), Текетөр (4444 м) жана башка. Бул чокулар тоо туризминин жана альпинизмдин өөрчүшүнө шарт түзөт. Климаты жагымдуу. Күн тийүү узактыгы Ысык-Көл курорт зонасынан калышпайт (жылына 2100–2700 с.). Январдын орт. темперетурасы 7,8°С, июлдуку 12,2°С. Жылдык орто жаанчачыны 540 мм. Аларчанын төрлөрүндө (3500 мден жогору) жайгашкан мөңгүлөрдүн жалпы аянты 53,6 км2.

Ири мөңгүлөрү: Голубин (Жиндисуу), Аксай, Текетөр, Топкарагай, Туюк, Адыгине жана башкалар. Алардан шар аккан, шаркыратмалуусуулар башталат. Жай мезгилинде Аларча суусунун орто чыгымы (4,17 м3/сек) 5–10 эсеге артат. Ландшафттына бийиктик алкактуулук закон ченеми мүнөздүү: тоо этегинде (адырларда) талаа, андан жогору токой-талаа-шалбаа, субальп, альп жана гляциалдык-нивалдык алкактары. Өсүмдүктөрү да башка капчыгайлардан өзгөчөлөнөт. Аларчадагы тяньшань карагайы коңшулаш капчыгайларда кездешпейт, ошондуктан ал коргоого алынган. Андан сырткары арча (сары арча, түркстан арчасы, жапалак арча), кайың, четин ж. б. да өсөт. Айбанаттары: тоо эчки, илбирс, түлкү, карышкыр, элик ж. б.; канаттуулары: кекилик, чил, улар, көгүчкөн, бактек ж. б. Коргоого алынгандан кийин мурда жоголуп бараткан сүт эмүүчүлөр кайра коё берилди. Токойду калыбына келтирүү максатында карагай, арча жана башкачалардын көчөттөрү отургузулууда.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]