Ала-Бука чопо кени

Википедия дан

Ала-Бука чопо кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Ала-Бука кыштагынан 10 км түндүк-чыгышта, деңиз деңгээлинен 1180–1200 м бийиктикте. 1987-ж. Түштүк-Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Жогорку төртүнчүлүк мезгилинде пайда болгон кумайлуу топурак саргыч боз түстө, көзөнөктүү, борпоң. Калыңдыгы 30 мге чейин, казып билинген калыңдыгы 11 м. Кумайлуу топуракка 30%тен 40%ке чейин Кызылата чопо кенинин чопосун кошсо “100” маркадагы керамикалык кирпич алууга болот. Запасы - А категориясы боюнча 349 миң м3, В–714 миң м3, С13–143 миң м3,А+В+С14–206 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]