Ала күчүк

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 10—25 киши. Оюн өткөрүлүүчү жерге аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бир биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушат. Өз ара макулдашуу менен ортого эки катышуучу чыгат, алардын бири качып, экинчиси кубалайт.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буйрук боюнча биринчиси тегерек болуп кол кармашып тургандардын арасынан кача баштайт экинчиси — «ала күчүк» аны кубалап жетүү керек. Бир биринин колдорун кармашып тегерек болуп турушкан оюнчулар «ала күчүккө» тоскоолдук кылышып, качып бараткан оюнчуга жардам беришет. Эгерде «ала күчүк» качып бараткан оюнчуну кубалап жетип алса, алар бири-бири менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Эгерде «ала күчүк» көпкө чейин жетип кармай албаса, тегеректе турган оюнчулардын бирөөсү менен орун алмашат. Оюн катышуучулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Ала күчүк» же качып бараткан оюнчу тегерек болуп тургандардын туурасынан кесип өтүп качууга тыюу салынат. Оюнчулар колдорун коё берүүдө «ала күчүктү» тигиге жеткирбей кармап калууга акылары жок.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Оюнду даярдыгы мыкты болгондор башташат жана оюн түз, таза жерге өткөрүлүшү керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]