Ала көз, урук

Википедия дан

Ала көз - дөөлөс, саяк, черик урууларынын курамдарындагы уруктар[1]. Лакап этнонимдер.

Этнонимдин параллелдери түркмөндөрдүн сарык, йомут урууларында “ала гөз” формасында кездешет[2]. Кыргыздарда болсо, тейит уруусунда “боз көз”, багыш, кыпчак урууларында “көк көз”, мундуз уруусунда “көз” формаларында кездешет. Бул урук аталыштары лексика-семантикалык жактан кыргыз этнонимдеринин анатомиялык лексикага байланышттуу жаралган тобуна кирет.


Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 106.
  2. Атаниязов, 1988, 18.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]