Ала тамак

Википедия дан

Ала тамак - кыргыз кыз-келиндери көкүрөгүнө тагышкан улуттук кооздук, асем буюму. Ала тамак маржан мончоктордон куралып торчо түрүндө жасалган. Бермет, седеп ж.б. менен да коздолгон. Асты жагында жамбы же тыйын кадалган кыюсу болгон. Желке жактан байланып, көкүрөккө жая тагынышчу. Бул асем буюму кыргыз кыз-келиндерине өзгөчө сулуулук, эстетикалык табит тартуулап турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]