Алгачкы саламаттык сактоо
Кыргызстанда 1913-ж. 78 орундуу 4 шаардык (Пишпек, Токмок, Каракол жана Ошто), 22 орундуу 2 айылдык оорукана ачылган.
1924-ж. декабрда Кара-Кыргыз облустук саламаттык сактоо болуму уюшулган. 1925-ж. Бишкекте 1-медициналык мектеп (техникум) ачылган. Республикалык диагностикалык борборду тузууго 1988-ж. чечим чыгып, алгачкы пациенттерин 1990-жылдын февралынан кабыл ала баштаган. Кыргызстандагы алгачкы фармацевтикалык завод - "Айдан Фарма". Аны Кыргызстан - Пакистан биргелешип 4 жыл ичинде куруп буткон. 1977-ж. декабрда ишке берилген.