Алга (футбол клубу)

Википедия дан
Кыргызстан желеги Алга ФК
Клубтун эмблемасы
Толук
аталышы
Футболдук клуб «ФК Алга»
Негизделген 1947- жыл
Стадиону Динамо стадиону, Бишкек
Мелдеш Кыргызстан Жогорку Чемпионаты
2023 4.
Тариз
Негизги
формасы
Тариз
Коноктук
формасы
Кезектеги мезгил

«Алга» - Бишкектин футбол командасы.

  • 1955-ж. «Спартак» ыктыярдуу спорт коомунун республикалык советинде «Спартак» деген ат менен түзүлгөн.
  • 1960-94-жж. «Алга» деп аталган.
  • 1956-63-жж. СССРдин футбол боюнча биринчилиги үчүн «Б» классындаты командалар арасында ойногон.
  • 1963-ж. «А» классынын 2-лигасында ойнойт.
  • 1970, 1973, 1975-жж. жана 1979-ж. «А» классынын 1-лигасында ойногон. Команданын көпчүлүк футболчулары СССР спорт чеберлери деген наамга ээ болушкан.
  • Чет өлкөлүк улуттук боюнча клубдук командалар менен эл аралык жана жолдоштук 30дан ашуун беттешүү өткөргөн. «Алга» үчүн жаш спортчулар «Жаштык» (1981) командасында даярдалган.
  • 1982-ж. «Алга» ыктыярдуу спорт коомунун республикалык кеңешинин карамагына кирген.
  • «Алга» кыргыз футболуна СССР спорт чеберлери Н.Емцов, Ю.Мусаев, Г.Мерзликин,
  • Д.Бибаев, 3.Султанов, Б.Стрельцов, М.Тягусов, Г.Шевченко, П.Шубин, B. Фомин, Ю.Пышник, Р.Бибаев, М. жана А.Чокморовдор, А.Панченко, Б.Подкарытов, С.Фокин, Н.Булгаков, Шевченко сыяктуу мыкты футболчуларды тарбиялап берген.

Учурда «Алга» клубу кайра түзүлүп, Жогорку Лигада ойноп жатат. «Алга - Бишкек» футбол клубунун директору Э. Бусурманкулов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Макешов Кабыл. Кыргыз Республикасы: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы. Экинчи бас. – Б.: Турар, 2015. – 448 б. ISBN 978-9967-15-445-2