Алдар көсө

Википедия дан

Алдар көсө - кыргыз жана кыпчак тилдүү элдердин (казак, каракалпак, ногой, башкыр, карачай ж.б.) элдик оозеки чыгармаларында кенен таралган акылдуу, айлакер адамдын жыйынтыкталган образы. Айрым учурда Алдар көсөнүн аты лакап катары да колдонулат. Элдик жөө жомоктордо Алдар көсөнүн окуясына байланыштуу бир катар күлкүлүү аңгемелер бар. Анын аты ошол коомдордогу аткарган иштерге байланыштуу келип чыккан. Анын чыныгы аты - Чагатай. Ал сараң байларды, пайда издеген соодагерди, алдамчы молдо, бүбү-бакшыларды, кара ниет ханды алдагандыгы үчүн Алдар көсө деген атка конгон. Алдар көсөнүн алдамчылык чебердиги «чык татырбас Чынарбай», «Көчпөсбай» сыяктуу жомоктордон даана байкалат. Элдик жомоктордо Алдар көсө Жаныбек хандын тушунда жашаган деген уламыштар айтылат. Бул доор болжол менен 16-к. Казак хандыгынын курулган мезгилине туура келет. Бул доор илимде «Ногайлы мезгили, доору» деп аталуу менен, кыпчак тилдүү элдердин эл катары калыптануу доору катары тарыхта белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]