Алдашев Алмаз Абдулхаевич

Википедия дан

Алдашев Алмаз Абдулхаевич - (1. 10. 1953-жылы туулган, Фрунзе) - биохимик, биология илимдеринин доктору (1999), профессор, КРнын УИАнын корреспондент мүчөсү (2000), академиги (2006). Кыргыз ССРинин Ленин комсомолу сыйлыгы (1985) жана КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы (1996) лауреаты, КРнын саламаттык сактоого эмгек сиңирген ишмери, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери. Москвадагы Н. П. Пирогов атындагы 2-мединститутун (1977), СССР ИАнын биохимия институтунун аспирантурасын (1980) бүтүргөн. Кыргыз ССР ИАнын физиология жана патология институтунда кенже илимий кызматкер, Кардиология илимий-изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, Кардиология ж-а терапия улуттук борборунда лаборатория башчысы, мол. биология ж-а медицина ил.-из. ин-тунун дпректору, фундаменталдык изилдөөлөр бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2004жылдан КРнын УИАнын академик катчысы. 100дөн ашуун илимий эмгектин автору. Илимий эмгектери биохимия жана молекулалык биологияга арналган. Кыргызстанда «молекулалык жана клеткалык биология», молекулалык генетика сыяктуу жаңы ил. багыттардын өнүгүүсүнө негиз салган. Ал гипоксин - белокторун алып, алардын касиетин пзплдеген. Өпкөнүн гипоксиялык гипертензиясынын патогенезине катышкан, мурда белгисиз митогендик белок факторун ачкан.

Эмгектери: Signal Transduction in Lung Cells. Eds. J.Brody, D.Center, V.A.Tkachuk. Marcel Dekkers, New York, 1993; Thorax. (автором), 2005. Aug; 60(8):683-7.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1