Алдаяр көмүр кени
Көрүнүш
Алдаяр көмүр кени Ош облусунун Алай районунда, Куршаб суусунун алабында. 1977-ж. кенге алгачкы геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кендин аймагын калыңдыгы 420 мге чейинки юра мезгилинин чөкмө тектери түзөт. Мында көмүрдүн төрт катмары табылган. Экөө ачык карьерден казып алууга жарамдуу. Астыңкы көмүр катмарынын калыңдыгы 14 мге чейин. Көмүр катмарлары жалпысынан брахиантиклиналды түзүп, анын жантаюу бурчу 15–20°. Түндүк жана чыгыш канаттарында жер бетине чыгып жатат. Орточо күлдүүлүгү 18%. Күйгөндө 17,48 МДж/кг жылуулук берет. Көмүрдүн ири запасы бар деп эсептелет.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7