Алдыжар (алдыяр) көмүр кени

Википедия дан

Алдыжар (алдыяр) көмүр кени Ош облусунун Өзгөн, Кара-Кулжа жана Алай р-нун чегараларында, Алай кырка тоосунун түндүк тарабында. Кара-Суу т. ж. бекетинен 85 км түштүк-чыгыш тарапта. Биринчи маалымат 1934-ж. Куршаб жана Гүлчө көмүр казган артелдерден алынган. 1953–54-ж. издөө, 1974–75-ж. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Көмүр юра мезгилинде пайда болгон чөкмөлөр менен байланышкан. Бардыгы 4 кабат. Алардын ичинен биринчи (астынкы) кабат өндүрүштүк мааниге ээ. Анын калыңдыгы 0,1 мден 7,65 мге чейин өзгөрөт. Көмүрдүн орточо күлдүүлүгү 24%. Көмүр Таш-Көмүрдүн узун жалындуу (Д) маркасына кирет. Күйүүнүн орточо жылуулугу 32,1 МДж/кгды түзөт. Көмүр кабаттарынын жердин үстүнө чыккан айрым жерлеринде көмүрдү ачык жол менен казып алууга болот. Жалпы геол. запасы 45 млн m. 1974–75-жылдары жүргүзүлгөн чалгындоо ишинин негизинде 1992-ж. кичи ишкана үчүн Ирису участогунда жер үстүнөн ачык казып алуу үчүн көмүрдүн 318 миң m запасы бекитилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]