Алебастр

Википедия дан

Алебастр (гр. aIabastors) (эскирген ат), курулуш иштеринде кездешүүчү гипс. Жаратылышта колдонулуучу гипс CaSO4 2Н2O. Аны ысытканда курамынан кристаллдык сууну бөлүп чыгарып, жарым суулу (CaSO4· 0,5H2O) жана суусуз кальций сульфатына (CaSO4) өтөт. 120-190оС жарым суулу кальций сульфаты бөлүнөт. Жарым суулу гипстин a жана b – модификацияларынын пайда болушу термиялык иштетүүнүн шартына жараша болот. Алар бири-биринен физ. жана хим. касиеттери менен айрымаланышат да сапаттык касиеттерин көрсөтүшөт. Курулуш иштерине керектелүүчү гипс негизги курамын түзгөн күкүм түрүндөгү b-жарым суулуу гипс, катканда сууну көп талап кылат (60-65 %). Анын тыгызд. 2,67-2,68 г/см3. Гипсти 1,3 атм. басым астында ысытуудуан кыска, тыгыз кристалл түрүндөгү a- жарым суулуу гипс алынат. Тыгызд. 2,72-2,73 г/см3. Ал катканда сууну талап кылат (40-45 %). А. жасалма мрамор, бетон, курулуш иштерине керектөөчү эритмелер, жерге төшөөчү, плиталар, керамикалык буюмдар куючу формалар ж. б. даярдоодо колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]