Александров Павел Сергеевич

Википедия дан

Александров Павел Сергеевич – (25.4 (7.5) 1896, Богородск шаарчасы, азыркы Ногинск, Москва облусу - 16. 11. 1982, Москва) - орус математиги, СССР ИАнын академиги (1953), советтик топологиялык мектептин негиздөөчүсү, Социалистик Эмгектин Баатыры (1969). Москва университетин бүтүргөн (1917), ошол эле жерде иштеген (1929-жылдан профессор). Негизги илимий-изилдөөлөрүн топологияга арнаган. П. С. Урысон менен бирдикте компакттуу жана бикомпакттуу мейкиндиктер теориясын түзгөн. Өлчөмдөр теориясына жаңы геометриялык багыт берүү менен анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Өлчөмдүү гомологиялык теорияны түзгөн. Көптүктөрдү изилдөөнүн комбинаторикалык (алг.) ыкмаларын иштеп чыккан. Топологияга бир нече фундаменталдуу түшүнүктөрдү киргизген. Бир катар эмгектери көптүктөр, функциялар теорияларына арналган. «Комбинаторикалык топология», «Өлчөмдөрдүн гомологиялык теориясына киришүү», «Көптүктөр теориясына жана жалпы топологияга киришүү» ж. б. бир нече монографиялардын автору. Москва математика коомунун президенти (1932-64), ардактуу президенти (1964-жылдан). Бир катар четөлкөлүк илимдер академияларынын жана илимий коомдорунун ардактуу мүчөсү. СССР мамлекеттик сыйлыгы (1943), Н. И. Лобачевский атындагы эл аралык сыйлыгынын (1972) лауреаты. Алты Ленин, Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]