Александр Бутлеров

Википедия дан

Бутлеров Александр Михайлович [3 (15). 9. 1828 Казань, Россия – 5 (17). 8.– 1886, ошол эле жер] – орус химиги, органикалык бирикмелердин түзүлүш теориясын негиздөөчү. Казандагы химик-органиктер мектебинин жетекчиси. 1849-ж. Казан университетин бүтүп, ошол эле жерде мугалим, 1854-ж. экстраординар, 1857-ж. ординар профессор, 1860жана 1963-ж. ректору, 1868–85-ж. химия боюнча Петербург университетинин ординар профессор, 1884-ж. Петербург Илимдер академиясында ординар академик, 1878–82-ж. Орус физика-химиялык коомунун химия бөлүмүнүн (Н. Н. Зининден кийин) башчысы. Россиядагы жана чет элдик көп илимий коомдун ардактуу мүчөсү. Эксперименттик изилдөөсүн Парижде Ш. А. Вюрцтун лабораториясында улантып, иоддуу метиленди жаңы ыкма менен синтездеген (1858). Ал 1-жолу гексаметилентетраминди (уротропин) жана формальдегиддин полимерин синтездеген. Формальдегиддин полимерин акиташ суусу менен иштетүүдөн 1-жолу кантты синтездеп алган (1861). «3 аттардын химиялык түзүлүшү» деген докладында органикалык бирикмелердин түзүлүшү жөнүндөгү негизги идеясын айткан. Ал биринчилерден болуп изомерия кубулушуна түшүнүк берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]