Алексей Косыгин

Википедия дан

Косыгин Алексей Николаевич [8 (21). 2. 1904, Россия империясы, Санкт-Петербург шаары – 18. 12. 1980, СССР, Москва шаары, сөөгү Кремль дубалына коюлган] – советтик мамлекеттик жана партиялык ишмер, эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1964, 1974). 1935-ж. Ленинграддагы текстиль институтун бүткөн. 1924–30-жылдары Сибирдик керектөө кооперация системасында, 1935-жылдан А. И. Желябов атындагы Ленинград текстиль фабрикасында иштеген. 1937–38-жылдары Ленинграддагы «Октябрьская» фабрикасынын директору. ВКП(б)нын Ленинград обкомунун бөлүм башчысы, 1938–39-жылдары Эмгекчилер депутаттарынын Ленинград шаардык Советинин төрагасы. 1939-40-жылдары текстиль өнөр-жай эл комиссары, 1940–60-жылдары СССР Эл Комиссрлар Советинин (ЭКС) төрагасынын орун басары, 1-орун басары, ошол эле мезгилде 1943–46-жылдары РСФСР ЭКСтин төрагасы. Улуу Ата Мекендик согушта эвакуация боюнча Советтин төрагасынын орун басары, Харьков, Москва шаарларындагы, Москва облусундагы ири өнөр-жай ишканаларын эвакуациялоо боюнча ВКП(б) БК жана СССР ЭКСтин, Ленинградда Мамлекеттик коргоо комитетинин уполномочени, 1948-ж. СССР финансы министри, 1948–54-жылдары СССР өнөр-жай министри, 1956–57-жылдары эл чарбасын пландаштыруу боюнча СССР Министрлер Советинин Мамлекеттик экономикалык комиссиясынын төрагасынын 1-орун басары – министр, 1957– 60-жылдары СССР Мамлекеттик планынын төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1964–80-жылдары СССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. КПСС БКнын Саясий бюросунун (Президиумдун) мүчөсү (1948–52 жана 1960–80; 1946–48, 1952–53 жана 1957–60-жылдары мүчөлүгүнө кандидат). 1961-ж. деноминацияны ишке ашырууну жетектеген. 1965-ж. өлкөнүн экономикасынын майнаптуулугун жогорулатуу багытында Косыгин реформасын иштеп чыккан. СССРдин тышкы саясатын жүзөгө ашырууда маанилүү роль ойногон. Индия-Пакистан жаңжалын жөнгө салууда Ташкент макулдаштыгына (1966, январь) кол коюуга демилгечи болгон. 1969–70-жылдары СССР менен Кытайдын ортосундагы чек ара чыр-чатагын жөнгө салууга көмөктөшкөн. Алты Ленин ордени менен сыйланган. Ысмы Москва текстиль институтуна (азыркы Москва мамлекеттик текстиль университети), Москванын бир көчөсүнө (ал көчөдө эстелиги тургузулган), Санкт-Петербургдагы проспектке ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]