Аленкина, Наталья Борисовна

Википедия дан

Аленкина Наталья Борисовна – кыргызстандык юрист, практик юрист, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Илимий-консультациялык кеңештин мүчөсү[1], 2004-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап сотунун арбитри[2] жана Париждеги Эл аралык соода палатасынын сотунун Кыргыз Республикасынын атынан мүчөсү[3]. Ошондой эле Аленкина Наталья Борисовна окутуучулук ишмердик менен да алектенет жана Борбор Азиядагы Америка университетинин укук программасынын доценти болуп иштейт. Юридика илимдеринин кандидаты даражасы бар. Ал юриспруденция боюнча көптөгөн илимий макалалардын автору.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1993 – 1998-жылдары – Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультети (артыкчылык диплому менен бүтүргөн); Бишкек, Кыргыз Республикасы.

2007 – 2009-жылдары – Улуттук илимдер академиясында аспирантураны бүтүргөн (юридика илимдеринин кандидаты); Бишкек, Кыргыз Республикасы.

Кесиптик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1999-жылдан азыркыга чейин: Борбор Азиядагы Америка университетинин доценти;

2011 – 2015-жылдары – “Мекс Ресурс” АКнын юристи;

2015-жылдан азыркыга чейин: “Сатаров, Аскаров жана өнөктөштөрү” Адвокаттык бюросунун адвокаты;

2006-жылдын июнь айынан 2020-жылдын апрелине чейин – “Консалт Компани” ЖЧКсынын башкаруучу өнөктөшү;

2005-жылдын сентябрынан 2006-жылдын июнь айына чейин – ARD/Checchi ишке ашырган, USAIDдин “Рынок үчүн укуктук инфраструктура” долбоорунун улук юристи;

2004-жылдын сентябрынан 2005-жылдын сентябрына чейин – Дүйнөлүк банктын “GSAC/GTAC” долбоорунун юридикалык кеңешчиси; Кыргыз Республикасынын Коомдук кызмат көрсөтүүлөр агенттигинин директорунун кеңешчиси;

2000 – 2005-жылдары – “ТОКТОМ” ЖЧКсынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы;

1998 – 2000-жылдары – “Adviser” ААКнын юристи;

1997-жылы – “Защита” ЖЧК юридикалык фирмасынын юристинин жардамчысы.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ондон ашык илимий макаланын, окуу китептеринин, маалымдамалардын автору. Алардын арасында: Эл аралык бейтарап соттун арбитрлери үчүн окуу китеби, Бишкек, 2010-жыл; Судьялар үчүн коммерциялык укук боюнча маалымдама. 1-бөлүк (16-глава. Милдеттенмелерди аткаруу боюнча иштер), Бишкек, 2012-жыл; жана башкалар.

Аленкина Наталья ошондой эле Кыргызстанда, Казакстанда, Орусияда, Венгрияда, Болгарияда, Германияда, Люксембургда илимий-практикалык иш-чараларга жигердүү катышып келет. Алардын арасында: Германиядагы Макс Планк атындагы Салыштырмалуу коомдук укук институтунда окуу курсу (2014-жылдын 1-марты – 2014-жылдын 1-апрели); ошондой эле 2014-жылдын июлунда Макс Планк атындагы Эл аралык институтка караштуу Жарандык процесс боюнча жайкы мектеп, “Европалык жана нормативдик процессуалдык укук” (Люксембург).

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде укуктук жана укук коргоо экспертизасын жүргүзүү боюнча эксперт катары аккредитациядан өткөн;

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Ардак грамотасын алган;

2015-жылы КМШнын Жогорку Чарба сотунун Илимий-консультациялык кеңешинин мүчөсү болгон;

2014-жылы “Банк иши, финансы, корпоративдик укук жана эл аралык арбитраж, жарандык процесс, эмгек укугу, кыймылсыз мүлк, салык укугу боюнча мыкты юристтер” Маалымдамасына киргизилген (www.bestlawyers.com);

2014-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Илимий-консультациялык кеңешинин мүчөсү;

2010-жылдан бери Эл аралык бейтарап соттун арбитри (Казакстан Республикасы);

2005-жылдан бери Эл аралык бейтарап соттун арбитри (Кыргыз Республикасы);

2001-жылы адвокаттын лицензиясын алган.

Басма сөздө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арбитражды өнүктүрүүдө соттордун ролу өзөктүк бойдон калууда http://www.pr.kg/gazeta/number900/3899/

Социалдык түйүндөгү баракчасына шилтеме: https://www.facebook.com/alenkina.n

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1] Состав Научно-консультативного совета при Верховном суде // http://sot.kg/post/postanovlenie-plenuma-verhovnogo-suda-kyrgyzskoj-respubliki-3

[2] Международный Третейский суд // http://www.arbitr.kg/web/index.php

[3] ICC // https://iccwbo.org/about-us/

  1. 1.0 1.1 http://sot.kg/post/postanovlenie-plenuma-verhovnogo-suda-kyrgyzskoj-respubliki-3
  2. 2.0 2.1 http://www.arbitr.kg/web/index.php
  3. 3.0 3.1 https://iccwbo.org/about-us/