Алессандро Вольта

Википедия дан

Bольта Алессандро (италянча Alessandro Giuseppe Antonio Anastasio Gerolamo Umberto Volta; 18. 2. 1745, Милан герцогствосу, Комо шаары – 5. 3. 1827, ошол эле жер) – италиялык физик жана физиолог, электр жөнүндөгү илимди негиздөөчүлөрдүн бири. Лондон королдук коомуна мүчө (1791). Комо шаарындагы гимназияда физика мугалими (1774-79), Павия университетинде профессору (1779), Падуян университетинин философия факультетинде директор (1815-19). А. Вольтанын негизги эмгектери электр тогунун жандуу организмге тийгизген таасирине, ар түрдүү металлдарды бири бирине беттештиргенде пайда болуучу контакттуу электр тогуна арналган. Ошондой эле электрофор (1775), сезгич электроскоп (1781), конденсатор (1783), электрометр ж. б. изилдөө приборлорду ойлоп тапкан. Абанын жылуулук кеңейүүсүн жана диффузия кубулушун изилдеген (1790), от жалынынын электр өткөрүмдүүлүгүн аныктаган (1787). Электр чыңалуусунун бирдиги Вольтанын ысмынан вольт деп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]