Алеут тили

Википедия дан

Алеут тили, унанган тили - АКШнын Алеут жана РФнын Командор аралында жашаган алеуттардын тили. Эскимос-алеут тобуна кирет. Алеут тили үч диалектиге бөлүнөт: уналашкин, аткин жана аттуан. Акыркы эки диалектиде Командордогу алеуттар сүйлөшөт. Тыбыштык түзүлүшүндө 3 үндүү, 17 (20) үнсүз тыбыш бар. Сөздөрдүн морфологиялык түзүлүшү агглютинативдүү, мүчөлүү. РФнын Медино аралындагы алеуттар эне тилиндеги этиштин уңгуларын сактоо менен орус тилинин жакталыш системасын өздөштүрүшкөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]