Алиева Сайра

Википедия дан

Алиева Сайра Өрмөкчү жана чырмакчы. 1928-ж. Чүй районундагы Кыпчак айылында төрөлгөн.

1947-49-жылдары Бириккен мектебинде мугалим, кийин Бишкек шаарындагы нан заводунда иштеген. 1982-жылдан Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун алдындагы көркөм фондусунда узданат. Ал мында өнөркананын башкы сүрөтчүсү прикладник Абдылдаев Мукаштын таасирин аркалап, аны менен бирдикте өрмөк дүкөнүн уюштурган. 1990-жылдан Кыргызстан Эл чеберлер союзунун хана президиумунун мүчөсү. Сайра кагазга түшүрүлгөв эскизи аркылуу таар буюмдарына көркөм кечет түшүрөт. Мында сүрөтчү-прикладник Татьяна Лысенконун үлгүлөрүн согуп, дүкөнгө чыгаруу аракети узга чыгармачылык тыг берет. Сайра терме буюмдарынын ортолук (борбордук) көчөттөрү үчүн 51 жуп жип күзүктөп, ага «кыял оюмун» арбын пайдаланат. Ал эми жээк (четтик) көчөтүнө алган «жарым кыял оюму» 7 жуп жиптен турат. Алардын араларына «чычкан изи», «ала мончоктун» ар бирине үч жуп жип керектелет. Андан «колтук көчөтү» пайда болуп, 6 жуп жип керек. Мындай шартта буюмдун өңүн ак түс ачат. Уз көбүнчө ак-кара, ак-күрөң, көк-кызыл түстөрдү эриш-аркак пайдаланып, сүрөтчү-прикладниктердин таасиринде буюм-тайымдарына живописттик маанай берет. Сайранын айрым үлгүлөрүндө 10 жуп жип сары-кызылдан тандалат. Мында 4 жуп жиптен «ала мончок» жээк көчөтү түшүп, 8 жуп жип менен күзүктөлөт. Четтигине «ала мончок» кайталанат. Уздун терме таарларынын эни 58 см. Бул тегирич да, кереге таңуу катары да колдонулат. Ал чачыланбайт. Шалчаларынын «чычкан изи» 2 см, борбордук көчөтү 20 см, жээк көчөтү 3 см болот. Ал татаал көчөттөрдү түшүрүүгө маш. Четтерине «тумарча көчөтүн», «кыял оюмун» көркөм көчөт кылып алган таарлары арбын. Сайра чий да чырмайт. Мында «ашкана көчөтүн» бир табакча кылып, «мүйүз оюмун» бычак учу аркылуу ажыратат. Ал кадимки шырдак бетин элестетет. Сайра көбүнчө төкмө оймочу Садыбакас Кадыралы уулунун үлгүлөрүн пайдаланат. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. «Кыргыз ССР Сүрөтчүлөр союзунун көркөм көргөзмөсү». Терме таарлары үчүн Кыргыз ССР көркөм фондусунун Грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык кароо-сынагы». Терме шалчасы үчүн Кыргыз ССР Көркөм фондусунун Ардак грамотасы; 1989 ж. Кыргыз Эл чеберлер союзунун уюштуруу курултайыңа карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». ЭЧЖРКнүн медалы, диплому; 1990 ж. «Кыргызстан Эл чеберлер союзунун уюштуруу көргөзмөсү». Таар буюмдары коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0