Ализарин

Википедия дан

Ализарин (С14Н8О4), 1,2-диоксиантрахинон – мол. масс. 240,2; кызыл сары ийне сымал кристалл, балкып эрүү t 290о; кайноо t -430о, сууда эрибейт. Этил спиртинде орточо, ысык метил спирт, бензол, уксус к-тасы, көмүртек сульфиди, пиридин, щелочтор жакшы эрийт. Кездеме чыгаруу ө.ж-нда полиграфияда колдонуучу лактар, боектор даярдоодо; аналитикада Al, Cu, Nb, F, Ga, Ln, Hg, Th, Ti ачууда, ошондой эле фотометриялык ыкма менен Al, F жана башка аныктоодо колдонулат. Ө.ж-да А. антрахинондон алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]