Аликеев Шайлибай

Википедия дан

Аликеев Шайлибай (24.12.1939-ж.т., Айгыр-Жал айылы) - Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкери (1995).

Жалал-Абад зооветеринария техникумун (1960), Самарканддагы Куйбышев атындагы айыл чарба институтун (1974) бүткөн.

  • 1960-62-жылдары Ала-Бука районунун 1-Май колхозунун веттехниги,
  • 1962-68-жылдары «Кыргызстан» колхозунун Көк-Серек ветучасткасынын башчысы,
  • 1968-74-жылдары “Чаткал” совхозунун №2 бөлүмүнүн ветврачы,
  • 1974-77-жылдары ошол эле бөлүмдө башкаруучу,
  • 1977-80-жылдары Ала-Бука районунун «Бирлик» совхозунун ЛППсынын башчысы,
  • 1980-82-жылдары Чаткал районунун “Каныш-Кыя” совхозунун башкы ветврачы,
  • 1982-84-жылдары райондук ветстанциясынын начальниги,
  • 1984-90-жылдары “Каныш-Кыя” совхозунун директору,
  • 1990-91-жылдары Чаткал районунун ветстанциясынын начальниги,
  • 1991-93-жылдары “Кызыл-Токой” колхозунун башкармасы,
  • 1993-98-жылдары “Кызыл-Токой” дыйкан чарбасынын башчысы,
  • 1998-2001-жылдары Кызыл-Токой айылынын айыл башчысы болуп иштеген.

Райондук, айылдык кеңештердин бир нече жолу депутаты. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун “Ардак грамотасы”, медалдар менен сыйланган. Чаткал районунун ардактуу атуулу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6