Алик сурьма кени

Википедия дан

Алик сурьма кени Ош облусунун Алай районунда, Аликсөөк суусунун Терек суусунуна куйган жеринен 1,5–2 км жогору, деңиз деңгээлинен 3740–3930 м бийиктикте. 1984–87-жылдары издөө иштери жүргүзүлгөн. Кенченин аймагында силур, девон жана карбондун карбонат-терриген катмарлары жайгашкан. Жаракалар менен кесилген плита сыяктуу бири бирине жакын эки акиташ олистомиттери руданы камтып туруучу болуп эсептелет. Сурьма рудасы жаспероиддер менен байланышып, узундугу 115 мге чейин, калыңдыгы 1–1,5 м болгон тарам түрүндөгү эки руда тулкусун түзөт. Сурьманын орточо өлчөмү 7,72%. Руданын болжолдуу ресурсу 86,1 миң m, сурьманыкы – 6600 m.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]