Алиментардык анемия

Википедия дан

Алиментардык анемия (Anaemia alimentaris) - малдын кан пайда кылуучу органдарында темирдин жетишсиздигинен улам пайда болгон ылаң. Аны менен көбүнчө жаш мал ылаңдайт. Бул ылаң мал организминде темир жетишпегенде, айрыкча малды караңгы, булганч, ысык короо-жайларда бакканда пайда болот. Ылаңдаган төлдүн көзү киртийип, оозу кубарып, демигип, бат чарчайт. Дарылоодо темир, жез, кобальт бар заттар колдонулат. Ылаңды алдын алуу үчүн белок, витамин, минерал заттары жана микроэлементтери мол тоют менен кошумча тоюттандырылып, короо-жай зоогигиена талабына ылайык болууга тийиш.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]