Алкилсульфаттар

Википедия дан

Алкилсульфаттар - алкилкүкүрт к-талары техникалык аталышы. Жалпы формуласы: ROSO3M. R - биринчилик же экинчилик радикал, M = Na, NH4+, триэтиламмоний. R= C10-C18 болгон А. эң маанилүү бирикмелер. Сууда эригенде коллоиддик эритмени пайда кылат жана алар - аниондук беттик активдүү заттар. Биринчилик алкил радикалдары бар А. биринчилик май катарындагы спирттерди SO32-, H2SO4, SO2CI, NH2SO3H таасиринде сульфирлеп, алынган алкилкүкүрт к-таларын андан ары нейтралдаштыруудан:

ROH + SO3  ROSO3H + Q ROSO3H + NaOH  ROSO3Na + H2O Күкүрт к-тасын же олеумду колдонгондо, реакция кайталанма болот, ошондуктан реакцияны к-таны 2 же 3 эсе ашыгы менен aлып, 35-550С жүргүзүлөт. NH2SO3H таасир эткенде алкилкүкүрт к-таларынын аммоний туздары пайда болот:

250оC

ROH + NH2SO3H -- NH4OSO3R Спирттер төмөнкү өкүлдөрүн сульфирлөө реакциясын спирт чөйрөсүндө, жогорку өкүлдөрүн сульфирлөөдө эриткич катарында СHCI3, CCI4, тетрахлорэтилен колдонулат. А. анча уулуу эмес, эң жакшы жуугуч заттар, щелочь эритмелери, к-талар, шор суу таасирлерине туруктуу. Полимерлешүү реакцияларында эмульгатор катары, полимердин антиоксиданттары катары, жибекти жумшартууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]