Алкоголяттар

Википедия дан

Алкоголяттар — спирттер гидроксил тобундагы суутек атому металлдар менен орун алмашуусунан пайда болгон туз сыяктуу орг. бирикмелер. Алар катуу заттар, спиртте жеңил эрийт, нымды тартат. Бир атомдуу спирттер А. жалпы формуласы TR(ОК)n, мында n — металлдардын окистенүү даражасы. Бир атомдуу спирттер менен щелочтуу жана щелочтуу жер металлдары А. иондук бирикмелер. Алар жумшарып эрибейт, бууланбайт, ажыроо 120-300°С, спиртте жана суюк NН3 жакшы эрийт. Спирттерге металлды таасир этүүдөн алынат. Гликолдун жана көп атомдуу спирттер А. — хелаттар (мономердүү, олигомердүү) же полимерлер. Алардын кеңири таралгандары — глицераттар жана гликоляттар. Хелаттар спирттердин ОН- тобу толук алмашылбаганда пайда болгон А-га таандык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]