Аллополиплоидия
Көрүнүш
Аллополиплоидия - өсүмдүк же жаныбар клеткасында хромосомалардын санынын өзгөрүү жолунун бири. Мейоздун негизинде хромосомалардын диплоиддик санына, дагы толук гаплоиддик жыйындысы кошулушуп, эселенип көбөйүп, полиплоидия жүрөт: 3n-триплоид, 4n-тетраплоид, 5n-пентаплоид жана башка у. с. А. - ар кандай түрлөрдү аргындаштырып, полипоидияны алуу. Мисалы, Г. Д. Карпаченко туруп менен капустанын 36 хромосомалуу полиплоиддик гибридин алган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4