Аллюр

Википедия дан

Аллюр - (фр. alure, сөзмө-сөз - жүрүү), жылкы жүрүшү - жылкы жүрүшүнүн түрлөрү. Аллюр табигый (жылкынын атайын үйрөтүлбөй басышы - басык, желүү, таскак, жорголоо, секирүү) жана машыктырылган жылкынын жасалма аллюр болуп бөлүнөт. Aл жылкы туягы жерге тийгенде чыккан кайталанма добуштун темпи боюнча, ошондой эле туяктын түрдүү аралыктагы изине жараша айырмаланат. Ар бир аллюрда буттарынын кыймылы ар башка жана ар кандай темпте болот. Эң жай, табигый аллюр - басык, мында жылкы бутун ырааты менен диагональ боюнча (арышы 0,82 м, ылдамдыгы 3,5-7 км/с) таптап басат (4 темптеги аллюр). Тез, 2 темптүү аллюр - желүү деп аталат, анда жылкы бир эле убакта алдыңкы оң жана арткы сол бутун алмак-салмак таштап (арышы 2-2,5 м, ылдамдыгы 8-10 км/с), таканчыктабай желет. Жорголоо 2 темптеги аллюр, мында жылкы бир ыптасындагы эки бутун алдыга тең таштайт, желүүгө караганда арыш кичине болот. Таскак - 3 темптүү аллюр, мында диагональ боюнча алгач алдыңкы бир бутуна, андан кийин арткы бир бутуна, анан алдыңкы экинчи бутуна таянып чуркайт (арышы 5-8 м, ылдамдыгы 10-60 км/с). Секирүү аллюрунда жылкы эки арткы буттары менен түртүлүп, секирет, секирип түшкөндө адегенде алдыңкы буттарына, анан арткы эки бутуна таянып түшөт. Жылкынын бийиктикке секирүү рекорду 2,5, ал эми узундукка секирүүсү 8,3 мге чейин жетет. Жасалма аллюрга испан арышы жана испан желдирүүсү кирет. Мында жылкы алдыңкы буту менен бийик секирип, ар кандай көнүгүүлөрдү жасайт (пассаж, пиаффе, пируэт, каприоль ж. б.). Мындай аллюр ат спортунда жана цирк жанрында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]