Алмазбеков, Какен

Википедия дан

Алмазбеков, Какен (1934–1991) - акын, дастанчы. Сокулук районунун Шалта айылында 1934-жылы 13-июлда туулган.
1948-жылы айылдагы жети жылдык мектепти бүткөндөн кийин борборубуздагы № 5 мектепте окуп,
көз оорусуна байланыштуу кийин окуусун уланта албай калган. 1951-жылы куурчак театрында иштеп, «Сүрөттүн сыры» пьесасын жазган.

К.Алмазбековдун ырлары мектепте окуп жүргөн кезинде «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш» гезиттерине жарыяланып, гезиттердин активдүү кабарчыларынан болгон.

К.Алмазбековдун «Он үч жашар баланын арманы», «Айдай кыз», «Жаштарга», «Айсарынын баяны»,
«Кызыл Туу кыргыз кыздары», «Арманым», «Эненин арманы», «Кыргыз көчү» сыяктуу 200дөн ашуун ырлары Кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылып алынган.

К.Алмазбековдун ырларына А.Малдыбаев, М.Абдыраев, А.Фере, Б.Эгинчиев, Ж.Шералиев ж.б. обон жазышкан. Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Он жылдан кийин: Жомок. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1964. - 24 б.
  • Жыргал: Ырлар жана поэма. - Ф.: Кыргызстан, 1967. - 46 б.
  • Мелдеш: Ырлар. Тестиер балдар үчүн. - Ф.: Мектеп, 1968. - 48 б.
  • Кимде айып?: Ырлар жана поэмалар. - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 96 б.
  • Эненин арманы: Термелер, ырлар. - Б.: Учкун, 1992. - 110 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]