Алмалык көмүр кени

Википедия дан

Алмалык көмүр кени - Ош облусунун Ноокат районунда, Жалгызарча кырка тоосунун түндүк капталынын этегинде, Ош шаарынан 22 км түштүктө. Кен 1908-жылдан белгилүү. Көмүр 1908–1917-ж. жекече өндүрүүчү А. В. Спечев тарабынан казылып алынган. 1917–1925-жылдары көмүр казып алуу токтоп, 1925-ж. кайрадан башталган. Геол. издөө жана чалгындоо иштери 1955–56, 1958–61-ж. жүргүзүлгөн. Көмүр юра катмары менен байланышкан. Көмүрлүү катмарда 2 кабат бар. Үстүңкү кабатынын орточо калыңдыгы 23,6 м, көмүр 3Б маркасына кирет. Орточо күлдүүлүгү 30%. Күйгөндөгү табы 7061 ккал/кг (290,5 МДж/кг). 1997-жылга карата запасы 19257 миң m.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]