Алмашуу

Википедия дан

Алмашуу - экономикалык алмашуу, материалдык жыргалчылыктардын же алардын нарк белгилеринин өз ара орун которушу, эмгек натыйжаларынын бир кишинин менчигинен экинчи бир кишинин менчигине өтүшү. Буюмдар гана эмес, кызмат көрсөтүү да алмашылышы мүмкүн. Кызмат көрсөтүүлөр бири-бирине, кызмат көрсөтүү боюнча жана алардын нарк белгилерине алмашылышы мүмкүн. Алмашуу өндүрүш, бөлүштүрүү жана керектөө менен бирге кең маанидеги өндүрүштү түзөт. Тарыхый жактан алганда, алмашуунун алгачкы формасы өз ара белек-бечкек беришүү-алышуу болгон. Ал топ менен индивиддин ортосунда социалдык байланыштын үзүлүп калбашын колдоо үчүн жүргүзүлгөн. Мындай учурда социалдык байланыш белектердин өз ара орун которушун камсыз кылган каналдын ролун аткарган. Тараптар белектерин алмашып турганда байланыш боло берген. Белек алмашуунун токтошу өз ара алакалардын үзүлгөнүн билдирет. Белек алмашуу адепки учурда алгачкы коомдо жашаган түрдүү коллективдердин мүчөлөрүнүн ортосунда гана жүргөн. Эмгекке жараша бөлүштүрүүнүн жана өздүк менчиктин пайда болушу менен коллективдин ичинде өз ара жардамдашуу, жардамды алмашуу жаралат. Жардамды алмашуу бир жолку эмес, кайталанып туруучу мүнөзгө ээ. Мындай мамилелерде берген жана алган жардамдын бирдейлиги баарын канааттандырган, бирок мындай эквиваленттүүлүк жалпы жонунан жана узак убакыттын ичинде ишке ашкан, ачык эсептешүү болгон эмес. Өз ара ачык эсептешүү пайда болгондон тартып, алмашуунун мүнөзү өзгөрөт. Эгер мурда өз ара беришүү гана болсо, эми алыш жана бериш так айырмаланат. Аталган эки типтеги мамилелер кошуналык община калыптанып жатканда жана калыптанып бүткөндө өзгөчө чоң ролду ойнойт. Бул эки форма узакка чейин белек алмашуу жана товар алмашуу менен катар жүрөт, бирок алар сапаттык жактан айырмаланат. Белек алмашуу менен жардам алмашууну мүнөздөө үчүн көбүнчө реципрокалдуулук деген термин колдонулат. Айырбаштоонун бир кыйла тараган формасы товар алмашуу болот. Ал алгачкы коомдон тартып, андан соңку бардык типтеги коомдордо өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]