Алма бити

Википедия дан

Алма бити (Аphis pomi Deg) - муунак буттуулар тибиндеги тең канаттуулар түркүмүнүн өкүлү; алма зыянкечи. Анын көп түрү бар. Алма жашыл бити - алма өскөн бардык жерде кездешип, көбүнчө жаш мөмө бакта, алма, алмурут, бийалма жана ыргай, четин, долоного зыян келтирет. Ал жашыл түстө, башы күрөңжашыл, жаш бутактын учун, жалбырак ширесин соруп азыктангандыктан жалбырак түрүлүп, бутак ийрейип өсөт. Жумурткасы жаш өркүндө кыштап, мөмө бак бүчүр байлап, алма гүлдөгөндө жумурткадан биттер чыгат. Ал жылына 8 (түндүктө) же 19 (түштүктө) жолу тукумдайт. 3ыянкеч жайдын толугунда көп, экинчи жарымында жалбырак өркүндөрү өсүүсүн токтоткондо аз болот. Каршы күрөшүүдө аны жок кылуучу мите чабармандарды, элкайдакөчөттү алма багына коё берүү, алма зыянкечтерине туруктуу сортторун отургузуу жана химикат чачуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]