Алп Тегин

Википедия дан

Алп Тегин (т. ж. белгисиз - 963-ж. ч.) — газневиддер мамлекетинин негиздөөчүсү. Саманиддердин тушунда аскер башчылык милдетти аткарып, мамлекеттик иштерди башкарууга катышкан. Анын калк арасында кадыр-баркы жогорулап баратканына кооптонгон эмир Абд аль-Малик Алп Тегинди Хорасанга аким кылып жиберет. Буга нааразы болгон Алп Тегин 962-ж. саманиддердин аскерин талкалап, Газна шаарын ээлеп (азыркы Афганстан аймагы), газневиддер мамлекетин негиздейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]