Алтаистика

Википедия дан

Алтаистика - алтай тилдеринде сүйлөгөн элдердин (түрк-монгол, тунгус-маньчжур, корей-япон) тилин, тарыхын, этнографиясын, адабиятын, маданиятын жана дүйнө таанымын изилдөөчү илим. 1730-ж. алтаистика адегенде алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги жөнүндөгү гипотеза түрүндө жаралып, 1835-жылдан өзүнчө илимий багыт катары өнүгө баштаган. Бүгүнкү күндө да тил илиминдеги дүйнөлүк теор. чоң маселелердин бири катары калууда. Алтай тилдеринин окшоштугу, тектештиги жөнүндөгү гипотезанын негиздөөчүсү катары Петр Інин тушунда туткунга алынган швед офицери Ф. И. Табберт-Страленберг эсептелет. Ал Сибирде сүргүндө жүрүп, жергиликтүү элдин турмуш-тиричилиги, фольклордук чыгармалары, этнографиясы, тили жөнүндө көп материал жыйнап, аларды иликтөө менен урал (угро-фин, самодий) жана алтай (түрк-монгол, тунгус-маньчжур) тилдеринин биринчи классификациясын түзүп (1730), тилдик окшоштуктарга өзгөчө көңүл бурган. Кийин бул көз караш А. Шатт (1839, 1849), В. Видеман (1838), М. А. Кастрен (1849), Е. Боллер (1857), К. Немет (1873), X. Винклер (1884, 1900), Б. Мункачи (1911), Е.Поливанов (1924, 1927), Г. Рамстедт (1928, 1933), М. Рясенен (1955) ж.б. окумуштуулардын көңүлүн буруп, дүйнөлүк тектештирме-тарыхый илимде өзүнчө тармак катары калыптанган. XIX кылымдын экинчи жарымынан тартып япон жана корей тилдерин алтай тобундагы тилдердин катарына кошууга өзгөчө басым жасалган. Е. Боллер, X. Винклер, Б. Мункачи, Е. Поливанов, Г. Рамстедт сыяктуу окумуштуулар аталган тилдер менен алтай тилдеринин өзара ген. тектештигин далилдөөгө аракеттенишкен. Бүгүнкү күндө алтаистикада негизинен алтай тилдерине басым жасалып, теориялык жактан эки багытта өнүгүүдө: а) алтай тилдеринин генетикалык тектештиги жөнүндөгү теория; б) алтай тилдеринин типологиялык окшоштугу жөнүндөгү теория. Биринчи теориянын жогоруда аталган негиздөөчүлөрү менен бирге кийинки көрүнүктүү өкүлдөрү Н. Н. Поппе, О. Л. Суник, B. И. Цинциус, И. А. Сыромятников, Н. А. Баскаков, М. Матсумато, С. Мурамайо, ошондой эле кыргыз жана япон тилдеринин материалдарынын негизинде изилдөө жүргүзгөн япон окумуштуусу И. Xиронори ж. б. алтай тилдеринин өз ара фонетуулган, лексикалык, морфологиялык жана синтаксистик жактан болгон окшоштуктарын, башкача айтканда жалпылыктарды алардын ген. тектештиги деп түшүндүрүшөт. Ал окшоштуктарга басым коюшат жана ушул багытта изилдөөлөрүн улантышууда. Ал эми экинчи теориянын өкүлдөрү В. Л. Котвич, Л. Лигети, Д. Клоусен, Г. Дёрфер, А. М. Щербак, Г. Санжеев ж.б. окумуштуулардын концепциясы боюнча алтай тилдериндеги окшоштук жалпылыктарды типологиялык жакындыктар жана алар тилдик узак карым-катыштын негизинде пайда болгон деп эсептешкен, андагы айырмачылыктарды көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө алтаистика фонетуулган, лексикалык, морфологиялык, синтаксистик маселелердин тектештирме-тарыхый методунун негизинде ар тараптуу терең жана кеңири изилдөөгө алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]