Алтай тили

Википедия дан

Алтай тили - (1948-ж. чейин ойрот тили) Россия Федерациясынын Алтай крайындагы Тоолуу Алтай автономиялык облусунда жашаган жергиликтүү элдин тили. Алтай тили түрк тилдеринин генеалогиялык классификациясында кыргыз-кыпчак тобуна кирип, ал бир нече майда диалектилик топтордон жана түндүк, түштүк болуп бөлүнгөн 2 чоң диалектиден турат. Түндүк диалектиге туба, куманды, чалканды; түштүк диалектиге алтай-кижи, телеут, телеңгит кирет. Алтай тилинин түштүк диалектиси байыркы кыргыз тилинин 5-10-кылымдардагы абалын көрсөтүп, кыргыз тили менен бир классификациялык топту түзөт. Лексикалык, фонетуулган, грамматикалык белгилери боюнча кыргыз тилине өтө жакын. 19-кылымдын орто ченинде орус миссионерлери телеут диалектисинин негизинде алтайлыктар үчүн орус графикасындагы жазууну иштеп чыгышкан. 1922-ж. миссионерлер түзгөн графика кайрадан алтай-кижи диалектисинин негизинде жаңыча түзүлүп, азыркы алтай адабий тилинин негизин түзгөн. 1928-ж. алтайлыктар латын тамгасын кабыл алып, бирок кайрадан 1938-ж. орус графикасына өтүшкөн. Алтай тилинде 8 кыска (а, э, ө, а, ы, п, у, ү), 6 созулма үндүү (аа, ээ, оо, өө, уу, үү) жана 26 үнсүз тыбыш бар. Алтай тилинде үндөштүк закону сакталган. Лексикасында монгол, орус тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр көп.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]