Алтын-Казык

Википедия дан

Алтын-КазыкАлай тоо кыркасынын (Кичи Алай) түндүк тармагы. Ноокат р-нун аймагында. Тоо кеңдик багытында Косчан, Кырккечүү сууларынын аралыгында 30–32 кмге созулуп жатат. Туурасы 4–5 км. Орточо бийиктиги 2800–3300 м, эң бийик жери 4064 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгү жокко эсе. Тоо капталдары кокту-колоттуу келип, суу өрөөндөрүнө тик түшөт.

Кууш капчыгайлар да кездешет. Орографиясы боюнча эки бөлүктөн турат: батышы Алтынказык, чыгышы Гупукан деп аталат. Силурдун чополуу жана көмүр-лүү сланец, кумдук, алевролит тектеринен турат. Талаа (1900–2000 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа жана шалбаалуу бадал (2700– 2900 мге чейин), субальп жана альп шалбаасы (3100–3200 мге чейин), субнивалдык, нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]