Алтын кесилиш

Википедия дан

Алтын кесилиш – так аныкталган математикалык пропорциялардын өз ара катышы. Мында курамдык эки бөлүктүн бир бөлүгү бүтүндүктөн өзү канча эсе кичине болсо, ошончо эсе экинчи бөлүктөн чоң болот. Өткөн замандын сүрөтчүлөрү менен теоретиктери  А. к-ти пропорциялуулуктун идеалдуу (абсолюттук) берилиши деп эсептешкен, ал эми практика жүзүндө бул «бузулгус мыйзамдын» эстетикалык мааниси горизонталдык (туура) жана вертикалдык (тике) багыттардын белгилүү бирдей эместик күчүнө байланыштуу шарттуу чектелген. Көркөм сүрөт искусствосунун практикасында А. к. өзүнүн абсолюттук өзгөрбөс формасында сейрек колдонулат, бул жерде абстракттык математикалык пропорциялуулук четтөө-лөрүнүн ченеми менен мүнөзү чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]