Алтын тамыр

Википедия дан

Алтын тамыр (Золотой корень), (Rhodiola rosea, Linnaeus) бийик тоолуу аймактарда өсөт. Чачылап сабак алат.

Августтун аяк ченинде бышып жетилет. Тамыры күрөң түстө, жыттуу.

Аны бышып жетилген кезде жыйнап, көлөкөдө кургатат. Тер буулуп чыкпай калганда чай катары кайнатып ичүү керек. Андан соң тердеп, денебойду жумшатып, көңүлдү ачат. Ичтен кан өткөндө кайнатып ичсе токтотот.

Аялдардын айызы келип токтобой калса кайнатып ичип абалын жакшыртса болот. Кургатылган тамырдын 100 гын 1 л сууга салып 0,5 л калганча жай кайнатылат. Андан соң муздатып, 100 г спирт кошуп 1 жума койсо, коньяк сыяктуу түскө өтөт. Күнүнө бир маал ачкарын бир аш кашыктан ичсе ашказан, ичеги-карын ооруларына пайдалуу.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9