Алчыкуртка, урук

Википедия дан

Алчыкуртка уругу - солто уруусунун курамындагы урук.

Этноним тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Этнонимдин параллели казактарда “алжын/алчын” формасында кездешет[1]. Алшын (алчындар) деген ат менен казактын кичүү жүз уруулук тобунун жалпы аталышы да маалым. Казактын алгачкы тарыхчысы М.Тынышпаев теги байыркы алшындарды хакастардын курамындагы кызылдардагы (хы-зыл) “чоң ачын”, “кичүү ачын” уруктары менен байланышта карайт[2]. Болжолу, бул уруктун энчилүү аты соңку учурларда фонетикалык айрым өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Бүгүнкү хакастарда “ачыг” (улуг ачыг, кичиг ачыг) аттуу теги Энисей кыргыздарына таандык экендиги ырасталган уруктун (сөөк) өкүлдөрү бардыгы белгилүү[3].

Деген менен, этнонимдин биринчи компонентинин аталышы алшын, алчын этнонимдерине жакын кароого болот. Алчы + н: Сөз жасоочу -н мүчөсү түшүп калуусу да мүмкүн. Бул мүчө ( -н /- а н /- е н /; -ын/-ин; -үн/-ун) байыркы түрк тилдеринде көптүк маанини билдирген[4]. Урук аталышынын экинчи компоненти “Qurtya” - байыркы түрк тилдеринде “улгайган кемпир” маанисин билдирген[5].

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Жанузаков, 1982,66.
  2. Тынышпаев, 1925, 20-21.
  3. Бутанаев, 1990, 79.
  4. Серебренников, Гаджиева, 1979, 89; Котвич, 1962, 336; Кононов, 1949, № 1, 81; Жанузаков, 1982, 63 ж.б..
  5. ДТС, 468-469.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]