Алчын

Википедия дан

Алчынэтноним. Казактардын кичи жүзүнө караштуу уруу. Эпосто казактарга тиешелүү этноним экени айтылат: «Алчын, үйшүн, найман бар, Аргын Каракожо бар» (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Илимий адабияттарда А. менен алакчындын бирдей колдонулушу көп айтылат. Кыргыз, казактардын алакчындар аркылуу этникалык байланышта болгону тарыхта белгилүү. Кыргыздын сарууларынын арасында алакчын деген уруу бар. Таластан жыйналган этнографиялык маалыматтарга караганда кыргыздардын алакчын деген уруусу казактардын бир бөлүгү менен тыгыз этногенетикалык байланышта болуунун негизинде пайда болгон. Казактардын кичи жүзүндө да, кызыл курт, жети уруу, балыкчы (балыкшы) деген окшош ат менен аталатасы экендиги гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 2. 349 373).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4