Алыбаев Жапар Бузурманкулович

Википедия дан

Алыбаев Жапар Бузурманкулович (9.4.1963-ж.т., Жаңы-Базар айылы) - экономика илимдеринин кандидаты (2006), доцент (2010).

Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) Экономика жана финансы институтун бүткөн (1990). Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1982- 84).

1980-82-жылдары Чаткал районунун “Чаткал” совхозунда куруучу, 1990-1994-жылдары КМУнун Экономика факультетинде окутуучу, 1994-2009-жылдары ага окутуучу, декандын тарбиялык жана окуу иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 2009-жылдан Экономика кафедрасынын кафедра башчысы.

84 илимий макаланын, 28 окуу-усулдук көрсөтмөнүн жана 2 монографиянын автору. Алыбаев «Эң мыкты мугалим - 2000» конкурсунун жеңүүчүсү ( 2000) жана КМУнун «Эң мыкты изилдөөчүсү» наамынын ээси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6