Алыгулов Токтогулбек Медербекович

Википедия дан

Алыгулов Токтогулбек Медербекович (21. 3. 1962-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Үч-Терек кыштагы) - жетекчи кызматкер.

  • Кесиби электрмеханик, темир жол боюнча адис.
  • Орто мектепти Суусамырдан аяктап, андан соң Бишкектеги № 20 кесиптик-техникалык окуу жайын (1979-80) жана Алматы шаарынан Транспорт инженерлери институтунун механика факультетин бүтүргөн (1983-88).
  • СССР аскер-деңиз флотунда кызмат өтөгөн (1980-83).
  • 2006-ж. Пекин шаарында өткөрүлгөн ШОСтун коммуникациялык башкаруу семинарына катышкан.
  • Эмгек жолун 1988-ж. Россиянын Куйбышев (учурда Самара) шаарында электровоздун машинистинин жардамчысы болуп баштап, андан кийин «Дема» локомотивинде электровоздорду ремонттоо мастерскоюнда мастер (1990), Кыргыз темир жол башкармалыгындагы «Ивановка», «Бишкек-2» жана «Беловодский» темир жол бекеттеринде начальник (199098), Кыргыз Республикасынын Транспорт министрлигинде башкы адис, Жарандык авиация жана Темир жол транспорту боюнча бөлүм башчы (1999-2006), Талас шаарындагы «Жер-Үй алтын» Жабык акционердик коомунун «Жоон-Дөбө» өткөөл базасында башкы инженер (2007-08) болуп эмгектенген.
  • 1998-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын «Темир жол транспорту» боюнча мыйзамын иштеп чыгууга жана Кыргыз Республикасынын администрациялык кодексин, Автомобиль жана аба жолдору кодексин иштеп чыгууга жана толуктоого катышкан.
  • Учурда жеке ишкердик менен алектенет.
  • Чал уруусунан.
  • Кулукеев Медербектин уулу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9