Алымкулов Абылкасым

Википедия дан

Алымкулов Абылкасым (26.11.1940-ж.х, Коргон-Төбө айылы) - укук коргоо тармагынын көрүнүктүү ишмери, милициянын майору.

Ош педагогикалык окуу жайын (1970), Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин (1981) бүткөн. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн (1959- 62).

  • 1958-59-жылдары “Чаткал” совхозунда чабан,
  • 1962-жылдан бригадир, Чаткал айылдык Кеңешинде адис,
  • 1970-72-жылдары Чаткал орто мектебинде мугалим,
  • 1972-74-жылдары “Жаш-Тилек” орто мектебинде (Ак-Таш айылы) мугалим,
  • 1974-78-жылдары Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкери,
  • 1978-86-жылдары Фрунзе шаарынын 1-май райондук ички иштер бөлүмүндө взводдун командири, тергөөчү,
  • 1986-89-жылдары Ош облусунун Совет райондук ички иштер бөлүмүндө,
  • 1989-92-жылдары Ала-Бука райондук ички иштер бөлүмүндө кызматкер,
  • 1992-94-жылдары Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт бөлүмүнүн начальниги, Чандалаш башталгыч мектебинин директору болуп иштеген.

Юбилейлик медалдар менен сыйланган. Райондук, айылдык кеңештин депутаты.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6