Алымкулов Салмор Аманович

Википедия дан

Алымкулов Салмор Аманович - (27.8.1955-ж. туулган, Чүй облусу, Чүй району, Жаңычек айылы) - техника илимдеринин доктору (2005), профессор, КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы (2005), КРнын илим жана техника боюнча жаштар сыйлыгынын лауреаты. Ленинграддагы В. И. Ленин атындагы электр техникалык институтун бүтүргөн. ФПИде кафедра башчы, КРнын УИАда улук илимий кызматкер, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы комиссияда башкы адис, «Кыргызтелеком» АКнын биринчи президенти (1997- 99), КРнын биринчи вице-премьер-министринин, Транспорт жана коммуникация министринин кеңешчиси (2001-2005). 100дөн ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы, 8 окуу-усулдук куралдары жарык көргөн, ойлоп табуу боюнча 5 патенттин ээси. Эмгектери: Оптические накопители цифровой информации (в соавторстве). Б., 1993; Передача и обработка информации акустооптическими устройствами (в соавторстве). Б., 1999.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]