Алыскы жана жакынкы тартип

Википедия дан

Алыскы жана жакынкы тартип ― заттын (атомдун, молекуланын, иондун) түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн жайгашуусундагы, анын магниттик жана диполдук электр моменттеринин багытталышындагы тартипке келүүчүлүгү.

Атомдорго салыштырмалуу аралыктагы тартипке келүүчүлүк жакынкы тартип, ал эми чексиз чоң аралыкка кайталануучу тартипке келүүчүлүк алыскы тартип деп аталат. Идеалдык газдагы атомдордун өз ара жайгашуусунда эч кандай законченемдүүлүк жок; ар кандай атомдун абалы калган атомдордун абалына көзкаранды эмес, б. а. анын жакынкы да, алыскы да тартиби жок. Суюктукта жана аморфтук катуу нерселерде жакынкы тартип болот. Алыс аралыкта тартип «жоголот» жана ал «тартипсиздикке» өтөт. Кристаллдарда алыскы жана жакынкы тартип бар. Алыскы тартиптин негизги белгиси кристаллдын симметриясы. Алыскы жана жакынкы тартип бөлүкчөлөрдүн өз ара аракетине көзкаранды. Бөлүкчөнүн каалаган системасынын тең салмактуу абалы абсолюттук нөл температурада анын потенциалдык энергиясынын минимумуна дал келет. Өз ара аракеттешүү энергиясы алардын арасындагы аралыкка жана алардын өз ара жайгашуусуна көзкаранды. Т=0 Кде бөлүкчөлөр (гелийдин атомунан башкасы) туура кристалл торчосун пайда кылат. Алыскы жана жакынкы тартип бөлүкчөлөрдүн өз ара жайгашуусунан башка учурда да болот. Симметриялуу эмес жайгашкан молекулалары бар суюктуктарда жакынкы тартип, ал эми суюк кристаллдарда молекулалардын багытына карата алыскы тартип аракет этет. Ферромагнетиктерде, ферримагнетиктерде жана антиферромагнетиктерде бөлүкчөлөрдүн магниттик моментинин багытына карата алыскы жана жакынкы тартип, сегнетоэлектриктерде диполдук электр моментинин багытына карата алыскы жана жакынкы тартипке келет.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0